Студенттерге президенттик стипендия тапшырылды
- 6 месяцев мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды.
“Азыркы тапта жаңы технологияларды, жасалма интеллектти пайдалануу менен АйТи (IT) –стартаптарды демилгелөө, ар кайсы тармакта иштиктүү долбоорлорду: агрардык чөйрөдө, экологияда инновацияларды түзүү, медицинада нанотехнология, биотехнология жана ген терапиясы менен ооруларды алдын алуу, экономикада жаңы экономикалык моделдерди, бизнес-стартаптарды сунуштоо, инженерияда акылдуу системаларды куруу, билим берүүдө жаңы ыкмалар менен окутууну жакшыртууга заманбап сунуштарды даярдоо, көркөм өнөр жана маданиятта дижиталдык искусство, мультимедиа менен улуттук мурасты айкалыштырып жайылтуу, экотуризм аркылуу өлкөнү дүйнөгө таанытуу, коргоо жана коопсуздукта киберчабуулдарга каршы системаларды ойлоп табуу жана башка маселелер курч турат. Силер ушул сыяктуу тармактардын баарында жаңы инновацияларды өздөштүрүү менен өлкөбүздү алдыга жылдырасыңар” деди президент.

Сүрөттөр: president.kg




