Студенттер сабакка келбесе да, ага көз жумушкан. БатМУнун Сүлүктү институтунда мыйзам бузуулар аныкталды

  • 2 месяца мурун

Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө одоно мыйзам бузуулар аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсзудук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, студенттердин көпкө сабакка келбегендигине, анын ичинде тийиштүү тесттерди жана экзамендерди тапшырбагандыгына карабастан, институттун жооптуу кызматкерлери бул фактыны жашырып келген. Окуу жана экзамендерди тапшыруу мезгилинде студенттердин белгилүү бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөндүгү жана республиканын башка аймактарында жашагандыгы аныкталган.

Институттун ишмердүүлүгүн объективдүү жана толук текшерүү максатында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, анда аныкталган фактылардан тышкары дагы бир катар одоно мыйзам бузуулар, анын ичинде каржылык мыйзам бузуулар да бар экендиги такталды.

Учурда БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндөгү бардык кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты