Равшан Жээнбеков: 2022-жылдын үч сабагы

Дүйнөдө бардык улуттар байгер, экономикасы өнүккөн, адилеттүү өлкөнү курууну каалайт. Мындай өлкөнү кантип курса болоорун илимпоздор терең изилдеп келишет. Кээ бир илимпоздор, бул үчүн мамлекет географиялык жактан ыңгайлуу жерде жайгашуусу керек экенин айтышат. Мисалы: деңизге жакын, минералдык ресурстарга бай региондордо же континенттер бириккен жерлерде.

Экинчи бир илимпоздор, бул үчүн сөзсүз улуттун маданияты жана мүнөзү күчтүү, заманга ылайык болушу зарыл дешет. Мисалы: япондор, кытайлар же норвегиялыктар. 

Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин, акыркы жылдары, илимпоздор бул талашка чекит койгондой болушту. Өнүккөн, адилеттүү жана эркин өлкө куруу үчүн улут сөзсүз демократиялык саясий системаны, адилеттүү саясий жана экономикалык институттарды түзүшү абзел. Албетте, географиялык туруш, минералдык ресурстар, деңиз жана маданият маанилүү, бирок эң маанилүү жана чечүүчү факторлор булар саясий система жана институттар экенине баары макул болушту. 

Эгер биз, кыргызстандыктар, мыкты өлкө курабыз десек,  анда кетирген каталарыбызды иликтеп, бул багыттарда жыйынтык чыгарып, сабак алышыбыз зарыл. 

Биринчи, саясий система жөнүндө. Дүйнөдө эки гана саясий система бар. Келечектүү демократиялык өлкөнү туңгуюкка алып барчу – демократиялык система. Тилекке каршы, 2022-жылы биз, биз үчүн эң зарыл болгон демократиялык системага багыт албастан, тетирисинче авторитардык саясий системаны бекемдеп, толугу менен орноттук.

Бийлик эч кимге отчет бербеген, эч кандай жоопкерчилиги жок болуп, бир адамдын колуна топтолушу. Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу жокко чыгарылып, бир гана президенттик бийлик үстөмдүкө оттү. 30 жылда элибиздин бир бөлүгүнүн, эркин журналисттердин, жарандык коомдун жана кээ бир саясатчылардын эмгеги менен жетишкен демократиялык ийгиликтерибизди авторитардык бийлик муунтуп өттү.

Бийликтин көрсөтмөсү менен көз каранды депутаттар эркиндиктерди чектеген мыйзамдарды жазып, кабыл алышты. Бийликти сындаган Болот Темиров өз мекенинен депортацияланды, Next телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиев соттолду, эгемендүү Azattyk радиосунун сайты бөгөттөлдү, Кактус, Клооп, 24кg медиаларына басымдар болду, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы болгон, бийликти сындаган  блогерлер, журналисттер, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана оппозициялык саясатчылар эч кандай далилсиз, мыйзамсыз камакка алынды.

Авторитардык бийлик массалык репрессияны баштады. Биздин улутубуздун бүгүнкү дагы, келечектеги дагы кызыкчылыгына жооп бербеген саясий система иштеп баштады. Муну эл аралык авторитеттүү изилдөөчү уюмдар дагы тастыкташты.

Экинчи, саясий институттар.

Саясий институттар өлкөдө эрежелерди жаратат, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт; топторго, уюмдарга мамлекеттик бийликти бөлүштүрөт, бөлүнгөн бийликтин так сакталышын көзөмөлдөйт, өлкөдөн байлыкты жарандарга бөлүштүрөт, анын аткарылышын жана адилеттүүлүгүн көзөмөлдөйт.

Институттарды, мен жеке жөнөкөй тил менен адилеттүү институттар жана деструктивдүү институттар деп экиге бөлөөр элем.

2022-жылы эки күчтүү деструктивдүү президенттик жана УКМК институттары өлкөдөгү бардык башка эң маанилүү деген институттарды жокко чыгарып же болбосо ал институттарга өз үстөмдүктөрүн орнотту. 

Аткаруу бийлиги — Өкмөт УКМК менен президенттик институттун башкаруусунда жана көзөмөлүндө калды. Мыйзам чыгаруугу жана көзөмөлдөөчү Жогорку Кеңеш президенттин жана УКМКнын мыйзамдуу дагы, мыйзамсыз дагы чечимдерин аргасыздан легалдаштырган органга айланды. Ал эми адилеттүүлүктү ишке ашырган сот бийлиги УКМК менен президенттик аппараттын буйруктарын гана аткарган жазалоочу жана эркиндиктерди, саясий оппоненттерди куугунтуктоочу институтка айланды.

Бүгүн Кыргызстанда эркин медиалар менен активдүү жарандык коомду кошпогондо, бардык маанилүү саясий институттар жокко чыкты. Күчтүү деструктивдүү УКМК жана президенттик институттары гана калды.

Тилекке каршы, УКМК жана президенттик институттар өздөрүнүн күчүн өлкөнүн өнүгүүсү үчүн процесстерди жаратууга, адилеттүүлүктү камсыз кылууга, зарыл болгон реформаларды ишке ашырууга шарттарды жаратпастан, күчүн өз бийликтерин бекемдөөгө, өздөрүнүн жана жакындарынын баюусуна жана эркин менен адам укуктарын басмырлоого пайдаланышууда. 

Каалайбызбы-жокпу, өнүгүүнү, адилеттүүлүктү камсыз кылган эки гана саясий институт калды. Алар — эгемендүү медиалар жана күчтүү жарандык коом.

Үчүнчүсү — экономикалык институттар.

Экономикалык институттар базар экономикасын жаратат, экономиканын өнүгүүсүнө шарт түзөт, бизнеске бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, жеке менчикти коргойт.

Өткөн жылы деструктивдүү жана алсыз же жокко чыккан саясий институттар экономикалык институттарды дагы жокко чыгарды. Ар бир мамлекеттин экономикасынын негизи, локомотиви болгон жеке менчик институту мамлекет, саясий институттар тарабынан талап-тоноого, рейдерлик мыйзамсыз салыктык басымдарга дуушар болду

Бул жеке менчикке болгон басым, кийинки жылдары бизнестин кыскарышына, качуусуна жумушсуздукка, салыктын азайышына, менчик жаратуу стимулунун жоголушуна, жакырчылыктын өсүшүнө алып келет.

Өткөн жылы биздин улут, мамлекет катары кетирген каталарыбыз көп эле, сабактарыбыз дагы көп эле.

Менин оюмча, маанилүү, фундаменталдуу деген сабактарга токтолдум.

Эгер ушул сабактарды бул жылы эске алып, жыйынтык чыгарып, оңдосок жакшы. Болбосо, абалыбыз жыл сайын оорлой берет.

Равшан Жээнбеков,

Бириккен демократиялык кыймылдын мүчөсү, СИЗО 1.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты