Президент Жапаров: 30 жыл ичинде Камбар-Ата-2 ден башка ГЭС курулган эмес

  • 2 года мурун

“Камбарата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу биздин парзыбыз жана келечек муундарыбыздын астындагы милдетибиз”, — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоо боюнча салтанаттуу аземде.

Бүгүн биз өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу Орто Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциянын биринин курулуш ишин баштап жатабыз!

Суу тартыштыгы жыл сайын күч алып, суунун мындан ары көбөйбөй тургандыгын окумуштуулар, эл аралык изилдөөчү уюмдар божомолдоп айтып келе жатышат. Чындыгында эле ааламдашуунун шары менен өлкөдө электр кубатына болгон муктаждык барган сайын өсүүдө. 30 жыл мурда биз электроэнергиясын экспорттоп келсек, бугүнкү күндө импорттоп келебиз. Камбар-Ата 2 ГЭСин эске албаганда 30 жыл ичинде ГЭС курулган эмес.

Мына ошондуктан кубаттуулукту көбөйтүү милдети курч турат. Суу башында туруп электроэнергияны импорттогон биз үчүн уят иш. Бул жагынан алганда биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү туура пайдаланып, элибизге туура жеткирүүгө милдеттүүбүз, -деди Президент.

Бүгүн, Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу старт алды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты