Кыргызстан-Түркмөнстан: Соода жүгүртүү өсүп, 82 млн долларды түздү

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн, энергетикалык тармактагы кызматташуунун кеңири спектри, ошондой эле алдыдагы КМШ МБК жыйынынын күн тартиби талкууланды.

Мамлекет башчы Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары кароо менен Кыргызстан соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана сапаттуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Акыркы эки жылда товар жүгүртүү өсүп, 82 млн АКШ долларын түздү. Ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштар активдешти.

Өз кезегинде Сердар Бердимухамедов Кыргызстан Түркмөнстан үчүн боордош мамлекет экенин баса белгилеп, Кыргызстан менен эки тараптын тең кызыкчылыгындагы бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты