Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды
- 1 год мурун
Бүгүн, 9-майда, изделип жаткан баланын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 9:30да табылып, туугандарына өткөрүп берилди.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
8-майда Военно-Антоновка айылында Чоң Чүй каналына 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар жана туугандары тарабынан изделип жаткан.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү