Баткен облусунун тургундарына жардам которуу үчүн бирдиктүү эсеп ачылды

  • 2 года мурун

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу кайрымдуулук жардамдарын которуу үчүн бирдиктүү эсеп ачылды.  Кайрымдуулук жардамдарын которуу үчүн реквизиттер маалымдалды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  

Алуучу: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты  

Алуучу банк: МФКР Борбордук Казыналыгы  Казыналык системасындагы алуучунун эсеби: 4409021103005073  БИК 440902 — (МКП, ВКП) БИК 440001 – банктар аркылуу  Комбанктар аркылуу алуучунун эсеби: 1352119929762602  Алуучу банк: «Айыл Банк» ААК БИК 135001  Төлөмдүн багыты: Баткен окуяларында жабыркагандарга жардам  Төлөм коду: 14411100

Баткен облусу боюнча жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабырлануучулардын саны 59га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Баткенде тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип 15 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду. Бул тууралуу Sputnik.kg кыздын атасы Малик Маннановдун айткандарын жазып чыкты.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты