АКШда жол кырсыгынан 42 жаштагы кыргызстандык каза тапты

  • 10 месяцев мурун

Чикаго шаарында жүк ташуучу унаанын 42 жашар кыргызстандык айдоочусу жол кырсыгынан каза тапты.

Бул тууралуу АКШда жашаган кыргызстандык блогер Эльнура Молдокадырова Инстаграм баракчасында билдирди. Бул маалыматты КР тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Жол кырсыгынан 42 жаштагы Б. С. аттуу трак, жүк ташуучуну унаанын кыргызстанлык айдоочусу дагы бир машина менен кагышып кеткен.  

Ал Филадельфия шаарынын келе жаткан. Жол кырсыгынан улам ал каза тапты. Экинчи айдоочунун жабыркаганы тууралуу маалыматтар айтылган жок.

Тышкы иштер министрлиги 2023-жылдын 1-июлунда массалык маалымат каражаттарында АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болгондугу тууралуу жарыяланган маалыматка байланыштуу төмөнкүнү билдирди.

“Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгүн шейшемби күнү жакын туугандарынын коштоосунда жөнөтүү пландалууда. Бул маселе КР тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты