Статком: 9 айдын жыйынтыгы боюнча экономика туруктуу өсүштү көрсөтүүдө

  • 6 месяцев мурун

Улуттук статистика комитетинин 2023-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчету жарыяланды.

Алсак, орточо айлык эмгек акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25,7%га өсүп, ал 32078 сомду түздү. Ошондой эле тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, ал 9,407 млрд АКШ долларын түздү.

Мында Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46%га өсүп, 1 850 млрд АКШ долларын, ал эми импорт 23%га өсүп, 7,5 млрд АКШ долларын түздү.

Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 9 айда 23 млрд сомду түзгөн, ал өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 20%га көп. 

Жук ташуу көлөмү 13% өсүп, ал 35,5 млрд сомду тузду.

2023-жылдын 9 айында дүң жана чекене соода 18%га өсүп, 791 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары, негизги капиталга инвестиция 17%га өсүп, 97 млрд сомду түздү.

Жалпысынан курулуш боюнча ички дүң продукциянын көлөмү да 13%га өсүп, 106 млрд сомду түздү.

Айыл чарбасы өткөн жылдын деңгээлинде калды, иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү болгон жок: айыл чарба продукциясынын көлөмү 294 млрд сомду түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эң көп Баткен облусунда өсүп, ал 21%ды түздү.

Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы катарга 19% менен Чүй облусу жана 13%ды түзгөн Бишкек шаары кирди.

Өткөн жылга салыштырмалуу Ысык-Көл облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү төмөндөп, көлөмү 75%ды гана түзгөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты