«Статистиканын ролу өзгөчө стратегиялык мааниге ээ болууда». Куттуктоо
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев статистика органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
-Тез өзгөрүп жаткан глобалдык санариптешүү шартында жана сапаттуу, өз убагында жана салыштырмалуу маалыматтарга болгон суроо-талаптын өсүшү менен статистиканын ролу өзгөчө стратегиялык мааниге ээ болууда.
-Бизге улуттук кызыкчылыктарга жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап, ачык жана технологиялык расмий статистика системасын өнүктүрүү зарыл, деп айтылат куттуктоодо.
-Бүгүнкү күндө Улуттук статистика комитети жөн гана мамлекеттик орган эмес – ал туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча өлкөнүн ишин координациялаган эл аралык системанын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Кыргыз статистикасы эл аралык деңгээлде ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары өзүн татыктуу көрсөтүп келет, кесиптик көз карандысыздык, объективдүүлүк жана расмий статистиканын эл аралык стандарттарын сактоо принциптерин бекем карманууда.Улуттук статистика комитети глобалдык жана аймактык статистикалык платформалардын ишине активдүү катышып, эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтары менен кызматташууну чыңдап, заманбап методологиялык ыкмаларды өнүктүрүүгө жана алдынкы тажрыйбаларды алмашууга өз салымын кошууда, -деп айтылат куттуктоодо.
Быйыл К ыргыз статистикасына 100 жыл толду.




