Фрунзенин музейинин 100 жылдыгына карата эл аралык илимий конференция өтөт
- 3 недели мурун
Бишкек шаарында 26-27-июнда саат 9:00дө Park Hotel Bishkek мейманканасында (Орозбеков көч., 87) Михаил Васильевич Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.
Иш-чараны маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен М. В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейи уюштурууда.
Конференцияда инсандын тарыхтагы орду, саясий багыттагы музейлердин өнүгүшү, тарыхый мураска болгон мамиле жана маданий эс тутумду калыптандыруу маселелери талкууланат. Айрыкча Михаил Васильевич Фрунзенин өмүрү, ишмердүүлүгү жана анын тарыхый мааниси өзгөчө көңүл борборунда болот.
Конференцияга музей тармагынын өкүлдөрү, илимий жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, мамлекеттик органдар менен ЖМК өкүлдөрү катышат.
Программада пленардык баяндамалар, секциялык отурумдар, тегерек стол жана М. В. Фрунзенин жаңыланган экспозициясы менен таанышуу экскурсиясы каралган.
Чакырылган спикерлердин катарында Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандын белгилүү изилдөөчүлөрү жана музей ишмерлери бар.
Сүрөт: Маданият министрлиги