Бишкекте Ауэзов атындагы Казак улуттук драма театрынын гастролу өтөт
- 2 месяца мурун
4-5-6-7-декабрь күндөрү Бишкек шаарында Муктар Ауэзов атындагы Казак улуттук драма театрынын гастролу өткөрүлөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Спектаклдер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көрсөтүлөт.
Репертуар мындай:
4-декабрь – Г. Мусреповдун “Кыз Жибек” музыкалык драмасы, саат: 18.30;
5-декабрь – А. Володиндин “Коштошкум келбейт” драмасы;
6-декабрь – Иран-Гайыптын “Коркуттун каргышы” драмасы;
7-декабрь – Р. Муканованын “Түбөлүк бала бейнеси” трагедиясы.
Муну бөлүшүү