Стамбулда ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасы ачылды
- 3 года мурун
Бүгүн, 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин (ТМКК) Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстандын туусун көтөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чара Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусунда өттү.
![Стамбулда ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасы ачылды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2021/11/116030.jpg_w780_h500_resize.jpg)
Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК Катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.
Биргеликте сүрөткө түшкөн соң, Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бейформал жагдайда баарлашуу үчүн ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.
![Стамбулда ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасы ачылды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2021/11/116029.jpg_w780_h500_resize.jpg)
![Стамбулда ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасы ачылды](https://pk.kg/wp-content/uploads/2021/11/116034.jpg_w780_h500_resize.jpg)