Спортчулар эл аралык мелдештерде байгеге ээ болууда. Дене тарбия жана спорт күнү менен куттуктоо
- 1 месяц мурун
Эл аралык майдандарда жеңишке жетип өлкөбүздүн туусун бийик желбиреткен спортчуларды, алардын ичинде олимпиадада байгеге ээ болгондор Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Мунарбек Сейитбек уулун, дүйнө чемпиондору болгон биздин балбандарды, көкбөрү боюнча дүйнөдө теңдеши жок биздин жигиттерди элибиз жогору баалайт жана ийгиликтерди каалап ак батасын берет.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды дене тарбия жана спорт күнү менен куттуктоодо айтты.
“Калкыбыз сергек жашоого кадам шилтөөдө. Жылдан жылга ден соолугун чыңдап дене тарбиясына, спортко көңүлүн буруп, убактысын сарптаган мекендештердин саны өсүп жатат. Карылыкка эрте алдырбай узун жана бактылуу өмүр сүрүү максатын конкреттүү аракеттер менен ишке ашырып жаткандардын көбөйүп бара жатканы кубандырат. Натыйжада калкыбыздын орточо жашоо узактыгы азыркы 72ден 80ге жетет деген ишеним бекемделүүдө” деп айтылат куттуктоодо.
-Дүйнө жүзүндө абдан популярдуу болгон футболдон биздин рейтинг кескин жогорулоо үчүн зарыл шарттар кийинки мезгилде даяр болду. Андыктан аларга да чоң үмүт артабыз. Ошону менен бирге интеллектуалдык оюндар – шахмат жана киберспорт боюнча да жүрөк кубанткан жаңылыктарды күтөбүз. Улуттук спорт оюндарын жана элибиздин маданий мурасын бардык элдерге көрсөтүү аянтчасы болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанисин өзгөчө белгилеп кетүү зарыл. Ушул оюндар аркылуу Кыргызстан дүйнө элдерине таанылат жана маданий, саясий жана башка багыттар боюнча алакалардын кеңейишине көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери! Ардактуу машыктыруучулар! Сиздер алдыга койгон максатка жетүү үчүн бүт өмүрүн, жан дилин арнаган, сансыз ойлорго батырган санааларга алдырбай сабырдуулук жана өжөрлүк менен алга кадам шилтеген, өз ишинде эң жогорку чеберчиликке жеткен кесипкөйлөрдөн болосуздар. Сиздер чемпиондорду тарбиялайсыздар, күч — кубаттуу жаш муунду калыптандырып, өлкөнүн келечектеги жеңиштерине жол ачасыздар,-деп айтылат куттуктоодо.
Сүрөт коллажы. Спортчулар. Интернет булактарынан




