Спорт — адамдын эркин бүлөп, мүнөзүн калыптандырат. Садыр Жапаровдун куттуктоосу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.  

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

Спорт кайсы жерде, кайсы учурда болбосун, улуту, дини жана саясий көз карашы ар башка адамдардын, дене тарбия менен спортко кайдыгер карабай, сергек жашоону көздөгөндөрдүн башын бириктирип, эл достугун арттырат.

Дегеле ден соолукка кам көрүп, машыгууну көндүмгө айлантуу баарыбызга күч-кубат, жарашыктуу келбет берип, сергек ой жүгүртүүгө өбөлгө болот. Адамдын эркин бүлөп, эр мүнөзүн калыптандырып, турмуштун ар кандай оош-кыйыштарына туруктуу болууга тарбиялайт.

Өлкөбүздүн эл аралык коомчулуктагы, дүйнөлүк алкактагы абыроюн көтөрүүдө спорт тармагынын өз орду бар. Биздин спортчуларыбыз көптөгөн эл аралык мелдештерде, анын ичинде Азия, Олимпиада, Паралимпиада оюндарында мамлекетибизди татыктуу таанытып, кыргыз туусун бийик желбиретип келе жатат.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты