Салык декларациясын тапшырбаган же туура эмес тапшырган кызматкерлерге 13 млн сомдон ашык айып салынды
- 1 месяц мурун
Прокуратура органдары тарабынан салык декларациясын тапшырбаган 3472 кызматкер аныкталды. 2882 кызматкерге жалпы 13 млн 674 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди
Прокуратура органдары тарабынан 2025-жылдын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын тапшыруу талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, аны белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган же туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 3472 кызматкер аныкталган.
Аталган фактылар боюнча укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен 2882 кызматкерге жалпы 13 млн 674 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Калган кызматкерлердин иши да сот тарабынан кароо стадиясында турганы кабарланды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




