Соттуулугу жоюлган адамдар президент, ЖК депутаты, МинКаб төрагасы, аткаруу бийлик жетекчиси боло албай турган мыйзамга кол коюлду
- 12 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул мыйзам менен соттуулугу жоюлган адамдар президент, ЖК депутаты, МинКаб төрагасы, аткаруу бийлик жетекчиси боло албай турган болду.
Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
“Мыйзамдын максаты – жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын жана мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин органдарынын, өзгөчө статуска ээ мамлекеттик органдардын жетекчи курамдагы өкүлдөрүнүн кемчиликсиз аброюн калыптандыруу, ошондой эле мыйзам үстөмдүгү жана мыйзамдуулук принциптерин бекемдөө болуп саналат” деп айтылат президенттин расмий сайтындагы маалыматта.
Соттуулугу бар (анын ичинде жоюлган же алынган), ошондой эле акталбаган (реабилитацияга жатпаган) негиздер боюнча кылмыш иши кыскартылган адамдарга карата (этиятсыздык менен жасалган жеңил жана анча оор эмес кылмыштарды, ошону менен ал кылмыштар боюнча жапа чеккен тараптын айыптоодон баш тартуусу же жабырлануучу менен айыпталуучунун макулдашууга жетишүүсү учурларын кошпогондо) президент кызматына жана Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер катары каттоодон жана шайлоодон баш тартылат;
Ошондой эле, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын мүчөсү, башка аткаруу бийлигинин органынын жетекчиси кызматтарын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү кызматын, Улуттук банк төрагасы, анын орун басарлары жана башкармасынын мүчөлөрү кызматтарын, Эсеп палатасынын аудитору кызматын ээлөөгө тыюу салынат.
Мындан тышкары, өзгөртүүлөргө ылайык, диний ишмерлер диний ишмердүүлүгүн токтоткон күндөн тартып, беш жылдын ичинде президент жана Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайланууга укуктуу эместиги белгиленген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg




