Сотто прокурор Адахан Мадумаровдун ишин кыскартуу өтүнүчүн келтирген

  • 1 месяц мурун

19-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин  “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум өттү.

Мадумаровдун адвокаты Кубанычбек Туманов прокурор соттон Адахан Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү экенин, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранганын «Азаттыкка» айтты.

“Биз кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенин башынан эле айтып келатабыз. Сотто биз да жарыш сөздү баштадык. Кийинки жумада сот уланат. Адвокаттар жана Адахан Кимсанбаевич жарыш сөздү айтып бүтсө, акыркы сөз берилет. Биз Адахан Кимсанбаевич соттун өкүмү менен акталат деп ишенебиз” деди адвокат.

Адахан Мадумаровго Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлгандыгы маалымдалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты