Сот төрагасынан 200 миң сом пара алып жатканда коомдук бирикменин жетекчиси кармалды

  • 2 года мурун

3-октябрда пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.О. аттуу жаран 200,0 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаран кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

Эгер болбосо, А.О. бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялайм деп коркуткан.

Ошол эле учурда А.О. беделине шек келтирген жүйө менен судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында болгон байланыштар аркылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады.

Кармалган А.О., алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында, К.Т.А. аттуу жарандын кызыкчылыгына иш алып, жасалма ойдон чыгарылган арыз алган.

Белгилей кетсек, А.О. жана К.Т.А. мурда зордуктоо жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты