Сот Орозайым Нарматованы  2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту парламенттин экс-депутаты, активист Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтүн 2023-жылдын 20-февралына чейин узартты.    

Орозайым Нарматова Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча ишке байланыштуу “жапырт баш-аламандык уюштурууга даярдык” беренеси боюнча камалган.

Орозайым Нарматова 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү.

Ошондой эле Нарматовага 14-ноябрда кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен дагы бир айып угузулганы белгилүү болду.

Активист Нарматова эч кандай күнөөсү жок экенин, отурганына эки ай болсо да бир сурак да жүргүзүлбөй келгенин, жөн гана отурушканын билдирди. Ачуу сын үчүн гана бакта кармап жатышканын айтты.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты