Сот Кундуз Жолдубаева менен Махабат Тажыбек кызынын ишин кыскартты

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту журналисттер Кундуз Жолдубаева жана Махабат Тажыбек кызынын ишин кыскартты.

Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева ЖМКга билдирди.

«Сот биздин ишти кыскартуу чечимин кабыл алды. менин ишимде жана Махабат Тажыбек кызынын ишинде укук бузуу жок экенин билдирди» деди ал.

Депутат Надира Нарматова «Арча Медианын» алып баруучусу Кундуз Жолдубаеваны жана «Айт-айт десе» жана «Темиров лайв» долбоорлорунун менеджери Махабат Тажибек кызы боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго 17-ноябрда кадыр-баркына шек келтирген берүүлөрдү дайыма эфирге чыгарып келет деп арыз менен кайрылган.

Депутат Нарматова “Арча-медиа” Ютуб каналынын “Чиновниктердин жана депутаттардын кимисинин Матраимовдун жана Көлбаевдин мафиясына тиешеси бар?” аттуу эфирде Кундуз Жолдубаева алып баруучу,  анын мейманы болгон “Айт-айт десе” жана “Темиров лайв” долбоорлорунун менеджери Махабат Тажибек кызынын үстүнөн арызданган.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын арызы боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин протоколунун негизинде иш соттук өндүрүшкө жиберилген.

Сүрөттө: Кундуз Жолдубаева. КСДП фракциясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты