Сот “Ихсандын” жетекчиси Бекмурзаеваны-12, директорлор кеңеш төрагасын 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды (Видео)   

Бүгүн, 16-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Ихсан групп ЛТД” тцрак жай кооперативинин жетекчилери боюнча өкүм чыгарылды.

Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы соттун соңунда билдирди.

“Ихсан” компаниясынын жетекчиси Акинай Бекмурзаева 12 жылга, директорлор кеңешинин төрагасы Эрмат Абдылкасымов 11 жылга эркинен ажыратылды жана үй-мүлктөрү конфискациялана турган болду.

Сот Бекмурзаевадан келтирилген зыянды жабырлануучулардын пайдасына өндүрүү чечимин чыгарды.

Буга чейин үй камагында жүргөн директорлор кеңешинин төрагасы Эрмат Абдылкасымов 11 жылга эркинен ажыратылды жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечими чыкты.

“Ихсан” компаниясынан жабыркагандардын саны — 1000ден ашуун. Келтирилген зыян 114 млн 615 миң 793 сом.    

Сот “Ихсандын” жетекчиси Бекмурзаеваны-12, директорлор кеңеш төрагасын 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды (Видео)   
Сот “Ихсандын” жетекчиси Бекмурзаеваны-12, директорлор кеңеш төрагасын 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды (Видео)   
Сот “Ихсандын” жетекчиси Бекмурзаеваны-12, директорлор кеңеш төрагасын 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды (Видео)   
Сот “Ихсандын” жетекчиси Бекмурзаеваны-12, директорлор кеңеш төрагасын 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды (Видео)   

Сүрөттөр: «Ихсан» группасынын жетекчилери боюнча сот. 16.02.2024. «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты