“Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл өткөрүү пункттарынан 2025-жылы 300 млн ашык сом түштү
- 4 недели мурун
“Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү пункттарында QR-код менен накталай эмес түрдө төлөм системасы аркылуу 2025-жылы жалпы 300 млн 266 миң 484 сом жыйым чогулду. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,48%га көп.
Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Айдоочулар үчүн накталай төлөм жүргүзүү токтотулган.
Учурда жарандар заманбап жана ыңгайлуу болгон QR-код аркылуу, жеринде орнотулган терминалдар аркылуу же электрондук капчыктар мобилдик тиркемелер аркылуу төлөм жүргүзүп жатышат.
“Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан системанын кеңири колдонулушу менен контролдук пункттардагы кызматкерлердин саны этап-этабы менен оптималдаштырылды.
“Сосновка” жана “Кара-Көл” контролдоо пункттарында транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу максатында жол тилкелери кеңейтилди. Аталган пункттарда кошумча 2 жол тилкеси курулуп, пайдаланууга берилди.
Сүрөт: Транспорт министрлиги




