Сомдун 30 жылдыгына карата почта маркасынын эскизине сынак жарыяланды

  • 1 год мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому  сомдун 30 жылдыгына карата почта маркасынын эскизин тандап алуу боюнча республикалык сынак жарыялады.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Сынак 2023- жылдын 23-апрелине чейин жүргүзүлөт. Талапка ылайык, 3 мыкты эскиз тандалат. Эскиздерди каалаган материал менен жана каалаган техникада жаcоого болот. Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар каралган. Катышуучулардын жаш- курагы чектелбейт. Автор жөнүндө кыскача маалымат менен коштолууга тийиш.

— Сүрөттүн темасы, аталышы;

— Сүрөттүн авторунун фамилиясы, аты, атасынын аты;

— Байланыш телефону;

— Электрондук дареги.

Сынактын катышуучусу жөнүндө кыскача маалымат жана эскизди төмөндөгү электрондук дарекке жөнөтүүгө болот.

[email protected] же болбосо: Бишкек ш., Чүй көч., 227 дарегине алып келип тапшырууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты