Сокулук райондук электр тармагынын кызматкери пара менен кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик  комитетинин (УКМК) Чүй облусундагы электр тармактар ишканасында коррупциялык элементтерге бөгөт коюунун алкагында 7-октябрда Сокулук райондук электр тармактар ишканасынын (РЭТ) участкасынын башчысы Б.Э.О. пара катары акча алып жатканда кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Мурда А.А.С. аттуу жаран Сокулук райондук электр тармагынын дарегине, жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып, анын аймагынан өткөн өзүнчө электр чубалгыларын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок аталган РЭТ кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен оңдоо иштерин жүргүзүүдөн жана электр зымдарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада, жогорудагы маселени чечүү үчүн А.А.С. аттуу аталган жарандан опузалап 20 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган жабырлануучу тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 7-октябрда Сокулук райондук электр тармагынын аймактык башчысы Б.Э.О. 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты