Сокулук райархитектура кызматкери 80 миң сом пара алып жатканда кылтакка илинди (Видео)

27-сентябрда ички иштер министрлигине Сокулук райондук мамлекеттик архитектуранын “Р” аттуу  кызматкери Военно-Антоновка айылындагы жаңы үйдүн курулушуна байланыштуу жана чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорун тез арада аяктап беремин деп 150 миң сом талап кылып жаткандыгы жана ага чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган.
Аталган арыздын негизинде ИИМдин Ттргөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган “Опузалап пара алуу” фактысы менен кылмыш иши козголгон.  

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин тергөө кызматы жана кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Сокулук районунун Романовка айылындагы Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинен  80 миң сом пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1986-жылы туулган С.Р. кармалды.

Кармоо учурунда андан 80 миң сом далил катары алынды.
Пара алууга шектелген С.Р.  Бишкек шаардык ичики иштер башкармалыгынын бактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүүдө.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты