Сокулук ИИБ убактылуу кармоочу жайынын кызматкери кармалды (Видео)  

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК)   Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) коштоо тобунун кызматкери С.А., ошондой эле КР жарандары Э.А. жана А.Ж. кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) боюнча кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча УКМК кылмыш иш козгоду.  19-июнда милиция кызматкери С.А. Бишкек шаарынын тергөө камак жайынына камакка алынган Э.А. аттуу жаранды соттук териштирүүгө катышууга алып чыгып, кайра кайтып келе жаткан учурда, камакка алынган.

Милиция кызматкери Э.А.нын жарандык күйөөсү А.Ж.дан акчалай сыйлык үчүн соттук отурумдан кийин Сокулук районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде камакка алынган Э.А. менен жолугушууну сүйлөшүп алганы аныкталып, ошол жерден кармалышкан. ө

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ал Сокулук РИИБинин кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты