Союзбек Надырбеков маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

  • 3 недели мурун

Надырбеков Союзбек мурдагы кызмат ордунан бошотулуп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгону тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.

Союзбек Надырбеков 31 жашта. Буга чейин министрликте жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеп келген. Ал 1990-жылы 16-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.

Буга чейин министрдин биринчи орун басары болуп Чынгыз Эсенгул дайындалган.

Сүрөттө: Союзбек Надырбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты