Сойкукана уюштурууга шектүүлөр кармалды

  • 2 месяца мурун

Жеке адамдар  тарабынан “vibish.com” интернет сайты аркылуу интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.  

16-майда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.К.Ш аттуу жаран кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

М.К.Ш. сойкукана уюштуруу боюнча кылмыш ишинин мурда жеткиликтүү болгон материалдарында негизги айыпталуучулардын бири болуп, тергөөдөн жашырынып жүргөн, ошол эле учурда ал сотто көрсөтмөлөрдү бурмалоо менен кылмыштагы шеригин актоо үчүн башка күбөлөрдү да жашырган.

Ошондой эле, тергөөнүн жүрүшүндө жарандарды эркинен тышкары күч колдонуп кармап, ур-токмокко алып, денесине залал келтирем деп коркуткандыгы тууралуу да маалыматтар алынган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты