Социалдык фонд саламаттык сактоо министрлигинин карамагынан чыгарылды  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров  «Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.   

Жарлыктын негизинде саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы социалдык фонддун базасында Кыргыз Республикасынын социалдык фонду түзүлдү.

Ошондой эле мамлекеттик кадр кызматынын жана айыл чарба министрлигине караштуу аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү.

Мындан тышкары, аталган жарлыктын негизинде тышкы иштер министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Мурунку аталышынан “тышкы соода жана инвестициялар” деген сөздөр алып салынды.

Бул мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатын көздөйт жана алар Министрлер кабинетине караштуу  структуралар болот.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты