Социалдык фонд кыргызстандык мигранттардын пенсиясын Евразия өнүктүрүү банкы аркылуу которот

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Социалдык фонду менен Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Евразия экономикалык биримдигине кирген (ЕАЭБ) өлкөлөрдө иштеп жаткан мигранттардын пенсияларын которуу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, аталган документке 21-январда Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев менен банктын башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов кол койгон. Расмий маалыматка караганда, тараптар башталган ишти аягына чыгаруу үчүн пенсияларды экспорттоо кызматын жакшыртуусу керек.

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо келишими 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Бул күндөн тартып биримдиктин аймагында расмий иштеген мигранттар өз өлкөсүндө пенсияга чыкканда, алардын чет жактагы эмгек стажысы эсепке алынып, кошумча пенсиялык төлөм чегериле баштайт. Документте мигрант чет жактагы пенсиясын кошо алыш үчүн ал өлкөдө кеминде 12 ай мыйзамдуу иштеп, пенсиялык же социалдык фондго тиешелүү төлөмдөр которулуп турушу керектиги көрсөтүлгөн. Ушул төлөмдөр эми Евразия өнүктүрүү банкы аркылуу жүргүзүлмөй болду.

«Кол коюлган келишим биринчи кезекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн миллиондогон эмгекчилери үчүн чоң мааниге ээ. Жаңы механизмдердин алкагында пенсиялык эсептешүүлөр биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө да, интеграциялык байланыштарды чыңдоого да жардам берет», — деген Подгузов.

Буга чейин Орусияда мыйзамдуу иштеген кыргызстандыктар үчүн жумуш берүүчүлөр пенсиялык фондго төлөмдөрдү которуп, бирок кийин Орусиядагы пенсия төлөмдөрүн кайтарып алууга укугу болгон эмес.

Соңку маалыматтар боюнча ушул кезде Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны 550 миңдин тегерегинде. Алардын теңи гана ИИМдин миграция башкармалыгында расмий эмгектенерин кабарлаган.

ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө. Мигранттарды пенсия менен камсыздоо долбоору Кыргызстан ЕАЭБге кошулган 2015-жылдан бери талкууланып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты