Сирияга кетүү үчүн Кыргызстандын паспортун алууга аракет кылган чет өлкөлүк эки жаран кармалды

  • 2 года мурун

Сирияда согуш жүрүп жаткан аймакка баруу үчүн Кыргызстандан чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө шектүү чет өлкөлүк эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалагандар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашырынып жүргөн. Алар Сирияда согуш жүрүп жаткан аймактагы эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу үчүн Кыргызстандын паспортун алууга аракет кылышканы аныкталган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди.

УКМКнын маалыматы боюнча, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына 2013-2015-жылдары Кыргызстандан 850 киши кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Өзү каалап же азгырык жолу менен “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулган кыргызстандыктардын 140ка жакыны — аялдар.

Сириядагы кыргызстандыктардын туугандары бийликке кайрылып, аларды мекенге кайтарууга жардам сурап келишет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты