Сианда Борбор Азия өлкө лидерлеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду

Бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарларына арналган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен учурашуу аземи Тан династиясынын лотос багында өтүп, жогорку даражалуу конокторду Си Цзиньпин жубайы менен тосуп алды.

Салтанаттуу азем Тан династиясынын доорундагы стилде өттү. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн «лотос бийи» түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулду.

Учурашуу аземинен жана чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Си Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

 Андан соң Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алуу болду.

Сианда Борбор Азия өлкө лидерлеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду
Сианда Борбор Азия өлкө лидерлеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду
Сианда Борбор Азия өлкө лидерлеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду
Сианда Борбор Азия өлкө лидерлеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду
Сианда Борбор Азия өлкө лидерлеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду
Сианда Борбор Азия өлкө лидерлеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду
Сианда Борбор Азия өлкө лидерлеринин Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты