Сиань шаарында «Борбор Азия–Кытай» катчылыгы ачылды  

  • 1 месяц мурун

Сиань шаарында «Борбор Азия – Кытай» катчылыгы ачылды. Анын ачылыш аземине Кытайдагы элчи Актилек Мусаева «катышты.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган салтанаттуу иш–чарага КЭР Тышкы иштер министринин орун басары Сунь Вэйдун, Шэньси провинциясынын комитетинин катчысы Чжао Идэ, «Борбор Азия-Кытай» катчылыгынын аткаруучу директору У Инцинь, ошондой эле Кытайдагы Борбор Азиянын дипломатиялык миссияларынын башчылары, КЭР жана Борбор Азия мамлекеттеринин башка расмий ɵкүлдɵрү катышышты.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин куттуктоо катын окуп берди.

Элчи Мусаева катчылык Борбор Азия менен Кытайдын мамилесин мындан ары бекемдөөгө маанилүү жана олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты