Шри-Ланканын президенти отставкасын жарыялабай туруп өлкөдөн чыгып кетти

  • 2 года мурун
Шри-Ланканын президенти отставкасын жарыялабай туруп өлкөдөн чыгып кетти

Жапырт нааразылык акциялардын катышуучулары отставкасын талап кылып жаткан Шри-Ланканын президенти Готабая Раджапакса шаршемби күнү эртең менен өлкөдөн чыгып кетти. Ал Аскер-аба күчтөрүнүн учагы менен Мальдив аралдарына барганы кабарланууда.

9-июлда Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алышкан. Раджапакса аскерлердин кайтаруусунда жүргөн.

Парламент спикери президент 13-июлда кызматтан кетүүгө макул болгонун айткан. Бирок ал отставкасы тууралуу жарыялабастан эле өлкөдөн чыгып кетти. Бул маалымат акция катышуучуларынын жаңы нааразылыгын жаратты.

Ал арада Шри-Ланканын премьер-министри Ранил Викремесингхе өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап, өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизүү чечимин кабыл алганын билдирди. Бирок митингчилер премьердин да отставкасын талап кылып жатышат. Учурда Коломбодогу өкмөт имаратына чабуул болуп жатканы кабарланууда.

Бул нааразылыктар Шри-Ланкада уланып жаткан экономикалык жана саясий каатчылыктын фонунда болууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты