ШКУ мамлекеттеринин өкмөт башчылар жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

  • 9 месяцев мурун

Москва шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду. 

Кол коюлган документтер:  

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) жыйырма төртүнчү жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике. 

2. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын акчалай камсыздоосу, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

3. 2026-жылга Шанхай кызматташтык уюмунун бюджети жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

4. 2024-жылга Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетинин аткарылышы боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун финансылык отчету жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

5. Шанхай кызматташтык уюмунун финансылык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

6. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча комиссиянын отчету жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана жыйындар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын отчету боюнча өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү концепциясын 2027-жылга чейин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы социалдык өнүгүү жана коргоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 2026-2028-жылдарга карата жол картасы жөнүндө өкмөт башчыларынын кеңешинин (премьер-министрлердин) чечими. 

10. 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол.

Министрлер кабинетинин төрагасы Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынына катышты. 18-ноябрда Бишкекке кайтып келди.

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты