Sheraton мейманканасынын администрациясы анда орун алган окуя боюнча түшүндүрмө берди
- 11 месяцев мурун
Sheraton Bishkek мейманканасынын администрациясы коомчулукта чуу жараткан жакында үч кыздын сабалышы жана алардын бассейндин суусуна ыргытылышы боюнча Инстаграмм баракчасында түшүндүрмө берди.
“Эң алды менен болуп өткөн окуяга катуу кабатыр болгонубузду билдиребиз. Sheraton Bishkek отели күч колдонуунун кандай түрү болбосун, айрыкча кыз-келиндердин андай окуяга кабылышын айыптайт. Отелдин негизги милдеттеринин бири меймандарыбызга жана кызматкерлерибизге коопсуз жана тынч абалды камсыздоо болуп саналат. Окуя болгон кезде отелдин коопсуздук кызматы тез арада кийлигишип, тараптардын кагылышуусу болуп кетпеши үчүн тиешелүү чаралады көрдү. Саат 00:47де укук коргоо органдарына кабарланып, тиешелүү маалымат кабарланган. Ал окуяга тиешелүү байкоо жүргүзүү камераларынын жазуулары ошол эле күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине берилген. Бул окуя боюнча администрация тергөө менен кызматташууда жана күнөөлүүлөр жазасын алат деп ишенет” деп билдирди Sheraton Bishkek мейманканасынын администрациясы.
Меймандардын коопсуздугу отелдин негизги артыкчылыктары болгон жана ошондой боюнча кала бере тургандыгы баса белгиленди. Бул багытта тиешелүү чаралар көрүлүп жакандыгы жана мындай окуялар кайталанбаш үчүн биз дыкаттык менен иштөөнү улантып жатканы айтылды.
30-июнга караган түнү Бишкекте Sheraton мейманканасында үч кызды уруп, сууга түрткөн окуя боюнча белгилүү бийчи Жан Воинов жана анын жубайы Зарина Алмасова кармалды. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.
Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда бейбашчылык беренеси менен кылмыш иши козголду.
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 30-июнда түнкү саат 01лерде болгон. Алина Жакыпова (Begemot Kyz) аттуу блогер жана анын эки курбусу милицияга арыз берип, бассейндин жанындагы жаңжалга 8 киши, анын ичинде бийчи Жан Воинов жана жубайы Зарина Алмасова катышканын, үч кыз бассейндин суусуна ыргытылыоганы айтылды. Кыздарды сууга түрткөн А.Р. бейбашчылыгы үчүн СИЗО абак жайына бир айга камалды.
Жан Воинов 48 саатка камалды. Жан Воиновго жана аялы Зарина Алмасовага бейбаштык беренси боюнча кылмыш иши козголду. Жан Воинов Казакстанга качып бараткан жеринен тергөө тарабынан кармалган.
Сүрөт: «Шератон» отели. Интернет булактарынан




