Sheraton мейманканасындагы окуя боюнча Жан Воинов кармалды

  • 12 месяцев мурун

30- июнга караган түнү Бишкекте Sheraton мейманканасында үч кызды уруп, сууга түрткөн окуя боюнча белгилүү бийчи Жан Воинов жана анын жубайы Зарина Алмасова кармалды. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.  

Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда бейбашчылык беренеси менен кылмыш иши козголду.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча окуя, 30-июнда түнкү саат 01лерде болгон. Алина Жакыпова ((Begemot Kyz)  аттуу блогер жана анын эки курбусу милицияга арыз берип, бассейндин жанындагы жаңжалга 8 киши, анын ичинде Жан Воинов жана жубайы катышканын, үч кызды бассейндин суусуна ыргытып ийгенин билдирди. Кыздарды сууга түрткөн А.Р. бейбашчылыгы үчүн СИЗО абак жайына бир айга камалды.      

Жан Воинов 48 саатка камалды. Жан Воиновго жана аялына бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду. Жан Воинов Казакстанга качып бараткан жеринен тергөө тарабынан кармалган.

Сүрөттө: Жан Воинов. Интернет булактарынан   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты