Канадада мектептеги трагедиялуу окуя: Жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок   

  • 7 месяцев мурун

Канаданын Тамблер-Ридж шаарындагы мектепте болгон трагедиялуу окуянын кесепетинен 10 киши каза болуп, 27си жаракат алганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

-Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Канаданын тиешелүү расмий органдарынан болгон окуя боюнча толук маалымат алуу багытында зарыл иштерди жүргүзүүдө. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кырдаалга туруктуу негизде көз салууну улантууда. Кошумча маалымат берилет,-деп айтылат маалыматта.

Окуя 11-февралда Канаданын Тамблер-Ридж аттуу чакан шаарынын мектебинде болгон. Андагы атылган октон 10 киши каза тапкан. Арасында мектеп окуучулары, мугалимдер да бар. 27 киши жаракат алган. Ок чыгарган 18 жаштагы Джесси Ван Рутселар аттуу аял киши болгону айтылууда. Ок атуунун себеби иликтенүүдө.

Сүрөт: Trent Ernst/Tumbler RidgeLines

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты