Шашылыш билдирүү: Унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн
- 1 год мурун
Унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн . Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо 19-марттан 23-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-255-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Андыктан ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет жана жарандарды алыска сапар албай турууга, коопсуздук эрежелерин камсыз кылууга чакырат!
Муну бөлүшүү




