Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

  • 2 месяца мурун

17-декабрдан 19-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Кар көчкү Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу), 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Мырзаке — Кара- Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу), Балыкчы-Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) түшүүсү күтүлөт.

Ошол себептүү унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын ӨКМ эскертет.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты