Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал
- 12 месяцев мурун
2025-жылдын 26-июнунан 27-июнуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти:
сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз;
-арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
-турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
-үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
-сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
-мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.




