Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо сел жүрүп, дарыяларда суу көтөрүлөт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 7-июнунан 8-июнуна чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күнү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, дарыя жээктеринен алыс болууну эскертет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




