Шашылыш билдирүү. Тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт
- 4 дня мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-19-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуңуздар. Сел каналдарын, арыктарды тазалап, сел сууларынын өтүшүнө шарт түзүңүздөр деп эскертти.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү