Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт
- 1 год мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 26-27-майында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
“Чарбактардагы арыктарды, сел каналдарын тазалап селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар! Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз “112” кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат” деп билдирди ӨКМ.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




