Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлүүдө
- 1 год мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 8-июлдан 11-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну сунуштайт. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз, ”112” кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




