Шашылыш билдирүү: Сел жүрүшү мүмкүн
- 1 год мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 1-июнь күндүн экинчи жарымында жана 2-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз “112” кызматына билдириңиз! Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




