Шашылыш билдирүү. Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында сел жүрүшү ыктымал

  • 3 месяца мурун

9-10–апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өлкөнүн Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги арыктарды, сел каналдарын тазалап, суу каптоонун алдын алууга чакырат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты