Шашылыш билдирүү: Дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт
- 2 месяца мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 24-25-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде аба ырайы 0…-2°ка чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы, жер-жемиштерге коркунучтуу.
ӨКМ дыйканчылык талааларында үшүп кете турган түшүмдөрдү жылуу жайда кармоону жана үшүк өтүп кеткенден кийин жыйноону сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




