Шашылыш билдирүү: Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарында сел жүрүшү күтүлөт

  • 1 год мурун

19-июлдан 20-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМ бул күндөрү тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар деп эскертти. Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз, “112” кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты